БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Арстанбап айыл аймагында жер көчкү жүрүп, үч адамды басып калганын ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя бүгүн саат 17:15дер чамасында катталган.
"Жер көчкү тоонун боорундагы булакка суу түтүктөрүн улап жүргөн үч адамды басып калган. Алардын экөөбүн жергиликтүү тургундар сактап калган. Алар оор абалда ооруканага жеткирилди. Ал эми үчүнчүсүн тургундар менен куткаруучулар издеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Учурда табигый кырсык болгон жерде 50гө жакын куткаруучу иш алып барууда.