БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "КРдин президентин жана эл өкүлдөрүн шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандар жана алардын бирикмелеринин өкүлдөрү катышууга чакырылат.
"Парламенттик угуу 2-майда Жогорку Кеңештин жыйындар залында болот. Башталышы саат 14:00дө", — деп жазылат маалыматта.
Мыйзам долбоорун 10 депутат сунуштап, парламенттик угууну "Республика — Ата-Журт" фракциясы өткөрүүдө.