БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Москва шаарында 25 жаштагы аял киши колдуу болуп каза тапканын Sputnik агенттигине Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.
Анын айтымында, келин кош бойлуу болгон.
"Москва шаарында кош бойлуу кыргызстандык аял бейшемби күнгө караган түнү киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал муунтулуп өлтүрүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деди Алиев.
"Жээним Кара-Балтада жашачу. Москвага 1,5 жыл мурун келип, чакан кафеде бармен болуп иштеп жүргөн. Алты айлык боюнда бар болчу. Күйөөсү менен таарынышып кетип, жалгыз жашап калган. Окуя өзү жашаган үйдүн ашканасында болуптур. Аркы бөлмөдө уктап жаткандар эч нерсе көрбөгөнүн айтып жатышат. Жээним айлык алар замат Кыргызстанга кетүүнү пландап жүргөн эле", — деди Эркинбекова.
Анын айтымында, келиндин атасы жок, апасы майып болгондуктан сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн мекендештерден жардам сурап жатышат.