БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосундагы бут кийим дүкөндөрүнүн биринде өрт чыгып, аны кожоюну өзү өчүрүп, ага окуучулар жардамдашкан. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Анын айтымында, өрт Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги бут кийим саткан дүкөндө чыккан.
"Маршруткага түшүү үчүн классташтарым менен аялдамага келе жатканбыз. Биз маалда жолдун аркы бетинде дүкөн күйүп жатканын көрдүк. Биз жол чырактан өтүп баргыча эле дүкөндүн ээси жалындап жаткан өрттүн бир тобун чака менен суу чачып басаңдатууга жетишти. Биз өрттү аягына чейин өчүрүүгө жардам бердик", — деди күбө болгон окуучу бала.
"Ошол аймакта бир нерсе өрттөнүп жатат окшойт деп телефон чалышкан. Маалыматты тактап туруп, кайра чалуусун өтүнгөнбүз, бирок, кайталап эч ким кайрылган жок", — деп айтышты 101 кызматынан.
Ал эми ӨКМден окуянын чоо-жайын тактап жатканын билдиришти.