Жекшембиге чейин Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү атып түшүрүлөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкүнү атып түшүрүү. Архив
Кар көчкүнү атып түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык тобу тартылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адам өлүмүнө жеткирбөө үчүн 23-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүлөрү атып түшүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кар көчкүну атайылап түшүрүү иш-чаралары Бишкек — Ош унаа жолунун 246 чакырымында уланып жатат. Аны ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык тобу тартылат.

"Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймактагы жолдор маал-маалы менен жабылат. Транспорт жана жолдор министрлиги түшкөн кар көчкүнү өз убагында тазалоону камсыздаса, Ички иштер министрлиги кар көчкү түшүрүү учурунда жол кыймылын жөнгө салып, коомдук тартипти карайт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми көчкүнү атып түшүрүү иш-чара аяктаганга чейин медицина кызматкерлери артиллериялык топту коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0