БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө.
Бул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы ойлоп табуучу менен байланышып, кененирээк маалымат алды.
Биринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен.
"Бир жолу менин профессор таанышым памперс баланын ден-соолугу үчүн зыян экенин айтып калды Неберелеримдин саламаттыгын ойлоп, салттык буюмду заманбап буюмга айландырууну чечтим. Бул бешик табигый таза жыгачтан даярдалып, баланын омурткасына зыя тийгизбейт. Дал ушул себептен бешик азыркы күнгө чейин сакталып, ар бир үйдө жогору бааланат", — деди Ахметов.
Устанын айтымында, азыр балдарга арналган түрдүү дизайндагы манеждер бар. Бирок аларды жылдыруу кыйын, үйдүн ичинде да көп орунду ээлейт. Ал эми жаңы саамалыкты адам өзү менен алып жүрө алат.
Казакстандык ойлоп табуучунун буюмуна кызыккандар Казакстанда гана эмес, Кыргызстандан дагы пайда боло баштады. Уста азырынча алардын саны азыраак болгону менен кийин көбөйөт деген ойдо.
Бул Ахметов жасаган жалгыз ачылыш эмес. Буга чейин электр энергиясы менен ойногон домбураны чыгарган. Ал бардык жетишкендиктерин Казакстанда өтө турган ЕХРО көргөзмөсүнө чыгармакчы.