Бүгүн түнү "Барса" менен "Ювентус" командалары беттешет

© REUTERS / Stefano Rellandini LivepicЧетвертьфинал Лиги чемпионов УЕФА
Четвертьфинал Лиги чемпионов УЕФА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы бир жуп Германиянын "Боруссия" командасы "Монако" менен ойнойт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү, Бишкек убактысы боюнча 00:45те Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптуу беттештери болот. Мында Испаниянын "Барса" клубу өз үйүндө Италиянын "Ювентус" командасы менен беттешет.

Эске сала кетсек, биринчи оюнда 3:0 эсебинде италиялыктар жеңишке жеткен.

Португальский нападающий Реала Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Криштиану Роналду кыз зордуктады деп айыпталууда
Ал эми дагы бир жуп — Германиянын "Боруссия" командасы "Монако" менен ойнойт. Эки команданын биринчи беттешинде 3:2 эсебинде "Монако" жеңишти илип кеткен.

Беттештердин жыйынтыгы боюнча жеңишке жеткендер жарым финалга жолдомо алышат.

Белгилей кетсек, "Барселона" оюндун 1/8 финалында франциялык "Пари Сен-Жермен" командасынан 4:0 менен жеңилип, кайра Испаниядан кездешип 6:1 эсеби менен утуп алган.

Чемпиондор лигасынын финалдык оюну үстүбүздөгү жылдын 4-июнуна белгиленген. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын "Реал Мадрид" утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0