БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 20-апрелде күн ачык боло турганын Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү кутүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Бишкек шаарында 21 градус жылуу болсо, Ошто 23 градус жылуу болушу божомолдонуп жатат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде күн ачык болот. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.