00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түштүк Кореядагы кыргыздар: биз жакта абал тынч, мурдагыдай эле иштеп жүрөбүз

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Южная Корея
Страны мира. Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда такталган маалыматтар боюнча Түштүк Кореяда 8000 миңге чукул кыргыз мекендештер жашайт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Түштүк Кореяда абалы тынч, кыргызстандыктар бейкапар иштеп жүрөт, Кыргызстанга шашылыш түрдө кайтып жаткан мекендештерди жолуктурган жокмун. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Түштүк Кореядагы мекендешибиз, чет элдик аялдардын укугун коргоо ассоциясынын  котормочу-консультанты Асылгүл Төлөнбаева билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Кореяда учурда абал туруктуу. Ошондой эле алар Түндүк кореялыктардын мындай билдирүүлөрүнө көп ишенбей калышкан.

"2014-жылы дагы Түндүк Корея тараптан сокку болот деп эл дүрбөлөңгө түшүп, айрымдары мамлекеттен чыгып кетсе, кээ бири жумушка барбай, үйлөрүндө отуруп калышкан. Ошол окуядан кийин көп ишенбей "Түндүк Кореянын баягысы башталды" деп кол шилтеп коюшту. Абал тынч, жашоочулар жумушка барып-келип, көңүл ачуучу жайлар иштеп, жашоо кадимки эле калыбында",  — деди Асылгүл Төлөнбаева.

Анткен менен кыргызстандыктар учурда бир-биринин жагдайын сурап турушат.

Түндүк кореяда Ким Ир Сендин 105-жылдыгын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия АКШнын Түндүк Кореяга карата туура чечим кабыл аларынан үмүттөнөт
"Түндүк Корея менен чектеш аймакта жашаган таанышым "баары эле тынч" деди.  Бул өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги бизге кырдаал көзөмөлдөнүп тургандыгын, кокустан абал өзгөрүп кетсе, алдын ала кабарланып, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын айтышты. Андыктан эч нерседен санааркабай жакшы эле жүрөбүз",— деди Төлөнбаева.

Алынган маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда 8000ге чукул кыргызстандык жашайт.

Белгилей кетсек, жакында эле Түндүк Корея мамлекетин негиздеген Ким Ир Сендин 105 жылдыгына карата аскер парады өткөрүлүп, өлкөнүн аскер техникасы көрсөтүлгөн. Мындан улам айрым чет элдик ЖМКлар Түндүк Корея АКШ, Япония жана Түштүк Кореяга сокку уруп, дүйнөлүк  үчүнчү согуш башталат деген маалыматтарды таратып жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0