Коломбодо таштанды басып каза болгондордун саны 30га жетти

© REUTERS / DINUKA LIYANAWATTEШри-Ланканын борборунда кулаган таштандыдан каза болгон жарандын денесин көтөрүп бараткан куткаруучулар
Шри-Ланканын борборунда кулаган таштандыдан каза болгон жарандын денесин көтөрүп бараткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 26 адамдын каза болгону айтылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Шри-Ланканын борборунда кулаган таштандыдан каза болгондордун саны 30га жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийликке таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин 26 адамдын каза болгону айтылган.

"Дүйшөмбүнүн таңында аскер адамдары таштандынын алдынан 30 адамдын, анын ичинде алты кичинекей баланын сөөгүн алып чыгышкан. Дайынсыз жоголгондордун так саны азыр белгисиз. Бирок аскер адамдары издөө иштерин улантып жатат. Эч ким канча адам жоголгону тууралуу маалымат бере элек", — деди армия өкүлү Рошан Сеневиратна (Roshan Seneviratne).

Жума күнү кечинде Коломбо шаарында ири таштанды төгүлгөн жер өрттөнүп жанындагы жер кепелерге кулаган. Ири таштандынын алдында 100гө чукул там калып, 500дөй адам үй-жайсыз калган. Куткаруу иштерине миңге чукул өзгөчө кырдаал кызматкерлери барган. Жүздөгөн адам ушу тапта сууга, дары-дармек жана тамак-ашка муктаж болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0