БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте унаа айдап бараткан кишинин талмасы кармап, жол чыракты сүзгөнүн Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Кырсык Горький менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Айдоочунун жанында досу бар экен, ал рулду кармап машинаны токтотуп калууга жетишкен. Бирок унаа жол чыракты сүзүп, ал жерге кулап калган", — деп милициядан айтышты.
Маалыматка ылайык, айдоочу менен жүргүнчү жеңил жаракат алса, унаа бир топ жабыркаган. Аталган факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды.