БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы төрт ири эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу режиссерлордун бири Дастан Жапар уулу маалымдады.
Анын айтымында, аталган тасма эки жумадан ашык убакыттын ичинде төрт мамлекеттеги кинофестивалдарга барат.
"14-21-апрелде АКШда Tiburon International Film Festival, 16-23-апрелде Кытайда Beijing International Film Festival, 21-28-апрелде Ирандагы Fajr International Film Festival, 26-апрелден 2-майга чейин Германиядагы GoEast кинофестивалдарында ат салыша турган болду", — деди режиссер Дастан Жапар уулу.
Мындан сырткары, "Ата керээзи" тасмасы жана анын жаратуучулары 14-апрелде өтө турган "Ак илбирс" улуттук кинопремияда 8 номинация боюнча жеңишке жетишкен.