Мао Цзэдундун портрети аукциондо 12,5 млн. долларга сатылды

© AP Photo / Kin CheungКытай Эл республикасынын мурунку төрагасы Мао Цзедундун портрети
Кытай Эл республикасынын мурунку төрагасы Мао Цзедундун портрети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар сүрөт үчүн алгач 11,6 миллиондон 15,5 миллион долларга чейин акча алууну пландаштырышкан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кытай Эл республикасынын мурунку төрагасы Мао Цзэдундун портрети Гонконгдо уюштурулган аукциондо 12,69 миллион долларга сатылганын РИА Новости агенттиги соода-сатык үйүнүн сайтына таянуу менен жазып чыкты. 

Уюштуруучулар сүрөт үчүн 11,6 миллиондон 15,5 миллион долларга чейин акча алууну пландаштырышкан.

Мао Цзэдундун портрети 1973-жылы Энди Уорхолдун калеминен чыккан. Бийиктиги 127, туурасы 106,6 сантиметрге жеткен сүрөт акрил краскасы менен тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0