БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы алгачкы жолу Борбордук зонадагы Азия чемпионатынын кубогун жеңип алышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча улуттук федерациянын маалымат кызматы кабарлады.
30-мартта Мальдив аралдарында турнирдин финалдык оюну өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын оюнчулары менен беттешкен.
Командалар буга чейин тайпалык этапта мелдешип, анда жеңишке 2015-жылдын зонанын чемпиону болгон түркмөндөр алган.
Ал эми үчүнчү партияда кыргызстандыктар оюнду жеңиш менен аякташкан.
Жыйынтыгында жапы эсеп 3:1 болуп, Кыргызстандын курама командасы алгачкы жолу Азия чемпионатынын зоналык Кубогун жеңип алышты.
Күмүш медалды түркмөндөр алса, колону Непалдын курама командасы багындырган.
Турнирдин ээлери төртүнчү орунга илинди.