БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Лондондо өткөн жылы 53 жашында дүйнө салган Жорж Майклдын сөөгү эми жерге берилгендигин BBC жазды.
Үй-бүлөсүнүн айтымында, үч ай мурун көз жумган ырчыны акыркы сапарга узатууга жакын туугандары менен достору гана катышты.
Үй-бүлө мүчөлөрү сөөктү үч ай кармаганынын себептерин түшүндүргөн жок.
Эске салсак, ал былтыр 25-декарда өз үйүндө көз жумган. Эртеси күнү менеджери ырчынын өлүмүнө күтүүсүз жерден жүрөгүнүн токтоп калышы себеп болгонун билдирген.
Өмүрүнүн акыркы жылдары ырчы баңгизатка байланыштуу бир нече чыр-такакка аралашып, ал тургай кылмыш жазасына дагы тартылган.