БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте 300 бактын көчөтүн отургузуу иштери башталгандыгы тууралуу шаар муниципалитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Көчөттөрдү "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ленин районунун аймагына отургузуп жатышат.
"100 түп бак Жер иштетүү институтунун сейил багына, калган 200 түп шаардык төртүнчү оорукананын скверине отургузулат. Бул жылы Бишкектин аймагына терек, кайың, зараң сыяктуу төрт миң дарак отургузуу пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ага ылайык, Октябрь районунда 505, Биринчи май районунда – 338, Ленин районунда – 1 990 жана Свердловдо – 845 дарак отургузулат.