Берлиндеги бала бакча гей тарбиячыны жумушка алган

© AFP / RAUL ARBOLEDAОднополая пара
Однополая пара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелер балдарын гей тарбиялашына каршы чыгып, айрымдары чүрпөлөрүн башка бала бакчага которушкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Германиянын Берлин шаарындагы бала бакчалардын бири гей тарбиячыны жумушка алган. Анда көбүнчөсү мусулмандардын балдары тарбияланып келерин Sputnik Германия Tagesspiegel басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Кристиан Бергер (аты-жөнү өзгөртүлдү) жумушка орношордун алдында гей экенин мойнуна алган.

"Бир нече күн өткөндөн кийин бала бакчанын жетекчиси мындан ары балдардын жалаягын аял эмес эркек алмаштырарын ата-энелерге кабарлаган. Ал ошондой эле жаңы тарбиячы гей экенин жашырган эмес. Буга байланыштуу ата-энелер арасында нааразычылыктар пайда болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ата-энелер Бергердин бала бакчада иштешине каршы чыгышып, аны жумуштан алуу боюнча кол топтошкон. Ал эми айрымдары чүрпөлөрүн башка мекемеге которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0