Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к празднованию Нооруза
Подготовка к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 9…14, Таласта 8…13 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө 7…12, Нарында 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаада 12 градус жылуу болсо, Ошто 15 градуска чейин күн жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0