Чет өлкөдөгү кыргыздар Ноорузду кандай майрамдашты. Англиядан Сахалинге чейин

© Фото / пресс-служба ассоциации ЗамандашПразднование Нооруза соотечественниками в Бельгии
Празднование Нооруза соотечественниками в Бельгии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамга карата Малайзиядагы улуттук тамак-аш жана кийим-кечелер көрсөтүлсө, Москвада кыз-жигиттин сармерден айтышы уюштурулду.

БИШКЕК, 21-Мар. — Sputnik. Чет өлкөдөгү кыргыздар Нооруз — көктөм майрамын белгилешти. Бул туурасында "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаздын деми, кубанычка толгон жүздөр. Бишкектеги Нооруз
Лондондогу Чыңгыз Айтматов атындагы академияда жыл сайын Кембридж университетинин администрация жетекчилери, профессор, аспирант жана студенттери майрамдык иш-чара өткөрөрүн академия жетекчиси Рахима Абдувалиева билдирди. Майрамга Орто Азиянын элчилери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн катышты. Биринчи бөлүгүндө аймактагы маселелер талкууланып, экинчи бөлүгү оюн-зоок программалары менен уланган. Соңунда коноктор улуттук тамактардан даам сызышкан.

Концерттик программаны Кембридж университетинин аспирант, студенттери даярдаган. Бул жылы кыргыз, тажик бийлери жана домбрада ойногон казакстандык студенттин өнөрү эсте калганы айтылат. 

© Фото / пресс-служба ассоциации ЗамандашМалайзиядагы улуттук тамак-аш жана кийимдер
Празднование Нооруза соотечественниками в Куала-Лумпур - Sputnik Кыргызстан
Малайзиядагы улуттук тамак-аш жана кийимдер

Малайзиядагы улуттук тамак-аш жана кийимдер

Бул өлкөдө Нооруз 20-мартта белгиленди. Майрамдык иш-чараны "Ала-Тоо" коому уюштурган. Анда келген конокторго улуттук тамак-аштар менен суусундуктар таратылган. Иш-чарага көпчүлүгү улуттук кийимдерди кийип келишкенин аталган коомдун жетекчиси Айгүл Акималиева билдирди.

Бельгияда Аяна Касымова ырдады

Белгиядагы кыргыздар 19-март күнү Брюсселде концерт уюштуруп ага жаш ырчы Аяна Касымова барып өнөрүн тартуулаган.

Германиядагы кыргыздарга майрам тартуулаган ырчылар

Майрамга карата 17-март күнү Гамбург шаарында, 18-мартта Мюнхенде кыргызстандык ырчылар —Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков жана Алтынбек Кыдыралиевдин катышуусу менен концерт болуп өттү. Ушул эле ырчылар 24-март күнү да Берлиндеги мекендештерге ыр сунушат. 

© Фото / пресс-служба ассоциации ЗамандашМосквадагы кыз-жигиттин сармерден айтышы
Празднование Нооруза соотечественниками в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыз-жигиттин сармерден айтышы

Москвадагы кыз-жигиттин сармерден айтышы

Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Майрамдык көк бөрү турнирин Таластын "Ынтымак" командасы утуп алды
Россиянын борборунда аксылык жигиттер менен өзгөндүн айымдары ортосунда сармерден оюну өттү. Ал эми Краснодардагы диаспоралар кафелердин биринде сүмөлөк кайнатып, улуттук тамак-аш жана суусундуктарды даярдаган. Аталган иш-чарага кыргыз, тажик, өзбек диаспора өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Казанда (Татарстан) Нооруз расмий түрдө 25-мартта өтөт. Анда борбордук ат майданда баардык диаспоралар боз үй тигет. Ага кыргызстандыктар улуттук кийимдерди, кийизден жасалган буюмдарды алып чыгат.

Жаз майрамын Түштүк Сахалинде "Родина" маданият үйүндө белгилешти. Шаар мэри Сергей Надсадин чогулгандарды майрамы менен куттуктаган. Ага Кыргызстан, Армения, Татарстан, Өзбекстан, Бурятия, Алтай жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-аштар, спорттук оюндар уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0