БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын айрым депутаттары Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин 2010-жылкы окуя тууралуу айткандарына жооп беришти. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы кабарлады.
Бир ай мурун Атамбаев Euronews телеканалына интервью берип жатып, "2010-жылы Казакстан 1,5 айга чек арасын жаап койгондон кийин бизде адам өлүмү катталган" деп айткан.
Назарбаевдин мындай билдирүүсүнө КСДП фракциясынын депутаттары Рыскелди Момбеков жана Евгения Строкова нааразы болгонун белгилеп, өлкө башчынын сөзү аларды иренжиткенин билдиришкен.
"Бизди бир тууган элбиз деп атап, эгерде керек болсо, кийин да чек араны тосуп коёрун айткан Казакстандын президентинин сөздөрү бизди терең иренжитти. "Керек болсо, чек араны дагы жабам" деген сөз ЕАЭБ жана ЖККУ боюнча союздаштарга карата айтыла турган сөз эмес", — дешти социал-демократтар.
Депутаттар Казакстандын жетекчилерине караганда кыргыз элин карапайым казакстандыктар көбүрөөк колдой турганын кошумчалашкан.