БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Аба-ырайынан улам бүгүнкү күнгө белгиленген ишембилик кийинкиге жылдырылганын мэрия билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин шаардык муниципалитет 18-мартта ишембилик өткөрүүнү пландап, ага бардык калаа тургундарын, мекеме, уюм кызматкерлерин чакырган.
Маалыматка ылайык, шаарды тазалоо иштери 18-март менен 22-апрель күндөрү өтмөй болду.