БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы калаадагы бактарды дарылоо үчүн дары-дармек сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана эмен, кара жыгач, каштан сыяктуу дарактарды дарылоо үчүн 8 миллион 300 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 14-мартта жарыяланып, мөөнөтү 4-апрелде бүтөт.