БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар төрт күн эс ала турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык, иш күнү болгон 20-март 25-мартка которулду.
"Кыргызстандыктар 18-19-20-21-март күндөрү эс алат", — деп жазылат маалыматта.
Нооруз майрамы 21-мартта белгиленип, бул күнү түн менен күн теңелет.