БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы парктарга жакында 200дөй чымчыктардын уясы орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Зеленстрой" ишканасынын маалыматына ылайык, учурда орнотууга 100гө жакын уя даяр болуп калган.
"Уя салуунун максаты — бак-дарактардагы зыянкечтерди тазалоо үчүн канаттууларды тартуу. Канаттууларды тартуу менен шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга салым кошкон болобуз", — деп жазылат маалыматта.
Бишкек мэриясы демилгеге кошулам деген каалоочуларды уя орнотууга чакырат.