БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Муслим Евлаев Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Яшар Догу" деп аталган эркин күрөш боюнча мелдеш Түркияда 10-марттан 12-мартка чейин өткөрүлгөн.
Ага Кыргызстан, Түркия, Армения, Азербайжан, Россия, Польша, Казакстан, Болгария, Румыния жана Норвегия өлкөлөрүнүн спортчулары катышкан. Кыргызстандык спортчу Муслим Евлаев 74 килограмм салмактагы категорияда чыкты.
Финалдык кармашта Евлаев 2014-жылкы дүйнө чемпиону россиялык балбан Хетаг Цаболов менен беттешип, каршылашын 6:1 эсебинде жеңип кеткен.