БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жарандарды талап-тоноого шектелген кылмыштуу топ кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кармалган адамдар бир нече чет элдик жарандарды коркутуу жолу менен акчалары менен баалуу буюмдарына ээлик кылышкан.
Ошондой эле 5-март күнү 22 жаштагы дагы бир түрк жараны милицияга кайрылган. Ал таңкы саат 4.55 чамасында белгисиз төрт адам келип сабап, 100 долларлык чынжырчасын алып кетишкенин билдирген.
"Ал эми 3-мартта болсо 27 жаштагы Германиянын эки жараны аларга белгисиз адамдар тапанча такап уюлдук аппараттары менен кол саатты чечип кетишкенин билдирген", — деп милициядан кабарлашты.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 10-март күнү чет элдиктерди тоноого шектелип 20, 21, 19 жаштагы беш жаран кармалган. Алардын жанынан МР-654К үлгүсүндөгү тапанча менен Германия жаранынын кол сааты табылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.