https://sputnik.kg/20170310/kyrgyzstandyk-uch-model-aziyadagy-kadyrluu-suluuluk-synagyna-katyshat-1032154584.html
Кыргызстандык үч модель Азиядагы кадырлуу сулуулук сынагына катышат
Кыргызстандык үч модель Азиядагы кадырлуу сулуулук сынагына катышат
Sputnik Кыргызстан
Азиядагы кадыр-барктуу сынактардын бири болгон Asian Model Festival — Түштүк Кореяда жай мезгилинде өтөт. Аны Корея мода ассоциациясы уюштуруп келет. 10.03.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-03-10T19:02+0600
2017-03-10T19:02+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103215/02/1032150291_0:0:1279:723_1920x0_80_0_0_9542cc5ada497d5fa1d22765c8628ced.jpg
түштүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103215/02/1032150291_0:0:1279:803_1920x0_80_0_0_ce910ddb762e92ccbe59adcac4511179.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, түштүк корея
маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, түштүк корея
Кыргызстандык үч модель Азиядагы кадырлуу сулуулук сынагына катышат
19:02 10.03.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Азиядагы кадыр-барктуу сынактардын бири болгон Asian Model Festival — Түштүк Кореяда жай мезгилинде өтөт. Аны Корея мода ассоциациясы уюштуруп келет.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандык үч модель Түштүк Кореядагы өтө турган Asia Model Festival сулуулук сынагына катышаарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына моделдик агенттиктердин биринин директору Алтынай Исманкулова билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жумада Алматы шаарында Борбор Азиянын мыкты моделдерин тандап алуу үчүн Face of Central Asia сынагы өткөн. Анын финалына чыккан жигит-кыздар Сеул шаарында өтчү сулуулук сынагына жолдомо алышкан.
Байгелүү орундарга үч катышуучу ээ болгон. Биринчи орунда — өзбекстандык Шахбоз Махмудов. Экинчиде — кыргызстандык Аллы Экман, ал эми үчүнчү орунду Тажикистандан барган Сафина Гаибова алды. Калыстар тобунун чечими менен байге ээлеринен тышкары Сеулга сегиз модель бара алат. Алардын арасында Кыргызстандан Бегенч Гурбансахатов менен Айчүрөк Курстанбек кызы бар.
"Кыргызстандын намысын сегиз модель коргогон. Анын үчөө Asia Model Festival сынагына жолдомо алды", — деди Исманкулова.
8 Жалган Куран 2017, 17:21
Азиядагы кадыр-баркттуу сынактардын бири болгон Asian Model Festival — Түштүк Кореяда жай мезгилинде өтөт. Аны Корея мода ассоциациясы уюштуруп келет.
Бүгүнкү күндө аталган фестиваль өзүнө Asia New Star Model Contest сулуулук сынагын, Asia Festival мода жумалыгын, Asia Awards сынак-көргөзмөсүн жана "Оскар" менен "Грэмминин" азиялык варианттарын камтыйт.
Анда бир гана моделдер эмес, дизайнерлер жана башка шоу жылдыздары катышат.