БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында Жээнбеков Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылышына катышат.
Мындан сырткары, "Тараз — Талас — Суусамыр" автожолунун курулушу, "Арашан" сүттү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.