БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. УКМКнын мурунку жана учурдагы чекисттери баңги зат менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр үстүбүздөгү жылдын 7-мартында ыкчам иш аракеттеринин жүрүшүндө колго түшкөн.
"Кармоо учурунда алардын жанынан 7,5 килограмм героин алынды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.