БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, 9-март күнү 09:00дөн 16:00гө чейин Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү менен Манас проспектисиндеги суу берүү үзгүтүккө учурайт.
Негизинен аталган чөлкөмдөгү БУУнун имаратында, Улуттук кардиология борборунда, Салык инспекциясында жана турак үйлөрдө суу убактылуу өчүрүлөт.