БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта убактылуу жабыларын Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдирди.
Бул күндөрү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт.
Коноктордун алды дүйшөмбү күнү саат 17:00дө "Манас" аэропортуна конот. Жолдор саат 15.00дөн тарта жабыла баштайт:
- "Манас" аэропортунан Жибек Жолуна чейин;
- Жибек Жолу Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Манас проспектиси Чүйдөн Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Абдрахманов көчөсү Жибек Жолунан Hyatt мейманканасына чейин.
Ал эми шейшемби күнү эртең менен саат 9.00дөн тарта жолдордун ар кайсы бөлүктөрү жабыла баштайт.
Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.