БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым аймагында тогуз күнгө чейин газ берүү убактылуу токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, көгүлтүр от Темиров жана Кемин көчөлөрүнүн кесилиши менен ЧЧКнын аймактарында өчүрүлөт.
"Аталган аймактарда газ 2-10-март аралыгында берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана көгүлтүр от берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.