БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 100гө чыккан кемпир өзүнүн туулган күнүндө шаңдуу музыкага бийлеп интернет жылдызына айланганын Mashable порталы жазып чыкты.
Бир кылым өмүр сүргөн эне Bruno Mars аттуу аткаруучунун шаңдуу ырына бийлеп, элдин оозун ачырган. Ал видеону Instagram тармагынын Treasure _ marnae аттуу колдонуучусу бөлүшүп, аз күн ичинде 25 миңден ашык адам көргөн.
"Бул анын 100-туулган күнү. Мен өзүмдүн чоң апамды абдан жакшы көрөм, ал ойдогудай адам. Менин жашоого болгон көз карашым менен ичимдикке болгон сүйүүм кайдан келгенин эми билип отурам", —деп тамашалап жазат Treasure_marnae аттуу колдонуучу.
Видеонун алдынан чоң энени мактаган постторду көрсө болот.
"Мен анын ким экендигин билбейм, бирок жакшы көрүп калдым", — деп жазат jhazzyt.
Дагы башкалар ага ден соолук жана узак өмүр каалап өтүшкөн.
"Ал дагы көп жашайт деп үмүттөнөбүз. Өзүн да абдан жакшы алып жүрөт экен. Дайыма ушундайыңыздан жазбаңыз!", — деп колдонуучулардын бири жакшы сөзүн айткан.
Ушул эле учурда Mashable порталы карылык анчалык деле коркунучтуу эмес экенин айтып, 100 жашта деле кемпирдей кыймылдаса болорун кошумчалаган.