БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош менен Баткен облустарында күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталып, очогунда 5 — 5,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча Ош, Баткен облустарында кыйроолор жок.