Нарында эки жаңы мектеп ишке кирди

Жазылуу
Ат-Башы менен Ак-Талаа райондоруна жаңы мектептер курулуп бүттү. Чыгымдар "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен каржыланган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Нарын облусунун эки районунда жаңы мектептер ачылганын аймактык кабарчы билдирди.

Алардын бири Ат-Башы районунда жайгашса, экинчиси Ак-Талаа районуна курулган.

"Эки мектеп тең Таластагы "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен курулду. Ага жалпы 107 миллион сом жумшалган. Ак-Талаадагы мектеп 275, Ат-Башыдагы 225 орундуу", — деп билдирди кабарчы.

Маалыматка караганда эки мектептин курулуш иштери өткөн жылдын апрель айында башталган. Мектептер спорт залы менен кошо курулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0