Сталбек Макамбаев: Кара-Сууда таштанды ыргыткан айдоочулар кармалды
Ош облустук ИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Макамбаев рейд Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулганын белгиледи.
"Рейд учурунда мөмө-жемиш көчөттөрүн жол боюнда сатып жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле арык суусуна унааларын жууп, таштандыларды калтырган айдоочулар кармалды", — деди Макамбаев.
Ал белгилегендей эскертүүлөргө карабастан көчө боюнда соодасын уланткан ондон ашуун жаранга протокол түзүлүп, 500 сомдон айып пул салынган.