БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип, милиция тарабынан колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ош ОИИБине ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну Nissan Primera унаасын уурдап кетишкенин айтып кайрылган. Унаа Ош шаарынын Мусаев көчөсүндө токтоп турган жеринен жоголгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле күнү Токмокто унаа уурдоого шектелген 24 жаштагы тургун кармалды. Ал Subaru Legacy үлгүсүндөгү автомашинаны айдай качкан деп шектелүүдө.