БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөрүн мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, суу берүү оңдоо иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.
"Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында, Ататүрк-Ала-Тоо университетинде, №93 кесиптик лицейде, республикалык МАИде жана "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда сегиз саатка суу берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Достоевский, Горький жана Ауэзов көчөлөрүндөгү бир катар мекемелерде дагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тургундарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.