БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ош шаарында түнкүсүн 6 градус суук болсо, күндүз 11 градуска чейин күн жылыйт. Борбор калаада түнкүсүн 7 градус суук, күндүз 16 градус жылуу болот.