БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жума күнү Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук комитетинин материалдарынын негизинде ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге MegaCom боюнча кылмыш ишин козгогондугун АКИpress агенттиги күч структураларындагы булагына таянып жазып чыкты.
"Иш Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгү боюнча ("Алдамчылык") козголду", —, деп айтылат маалыматта.
Редакция Өмүрбек Текебаевдин өзү менен байланыша алган жок. Ал эми ал жетектеген партиянын катчылыгынан аларга мындай маалымат түшпөгөндүгүн жана Текебаев Вена шаарында жүргөнүн айтышты.