00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
13:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От опиумных войн к сверхдержаве: почему важно понимать Китай и его прошлое
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гематологиялык ооруларды кантип алдын алса болот?
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
125 граммов памяти: как в школах Кыргызстана говорят о блокаде Ленинграда
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что получил Кыргызстан от январского заседания Совета ЕЭК
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Аян»: психологиялык драма, адамдын ички дүйнөсүнө саякаттаган жаңы тасма
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Структура личности
«Моя юность прошла в Афганистане» - личная история Игоря Чапышева
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гематологиялык ооруларды кантип алдын алса болот?
21:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда оозго алынган 10 тасма

© Фото / Расул Рыскулов"Движение кылыш керек" тасмасынан кадр. Архив
Движение кылыш керек тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жылдан бери Кыргызстанда коммерциялык тасмаларды тартуу тармагы жанданып, ага кызыккан жаштардын саны да көбөйгөнүн кино тармагынын өкүлдөрү айтып келет. Ошол эле учурда кинотеатрга барган көрөрмандардын саны да жылдан-жылга өсүп жатканы байкалууда.

Маркетологдордун берген маалыматына ылайык кыргыз режиссерлорунун колунан жаралган "Салам, Нью Йорк!", "Бир тууганчик", "Курманжан Датка" сыяктуу тасмалар бир жылга чукул кинотеатрлардын экранынан түшпөй, эл абдан көп келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2016-жылы борбор калаанын кинотеатрларында узак убакыт экрандан түшпөй көрсөтүлгөн 10 тасманы назарыңыздарга сунуштайт.

1. "Бажарики" тасмасы, режиссеру Амантур Ормуков. Комедия

2016-жылдын октябрь айында көрүүчүлөрдүн сынына коюлган тасма азыркыга чейин кинотеатрларда популярдуу. Тасмада Дамир аттуу кишинин алты кызы болуп, алар өлкөнүн ар кайсы облустарына турмушка чыгышат. Атасынын мааракесине чогулган бажалар ортосундагы пикир келишпестик тасмада тамаша иретинде чагылдырылган.

2. "План Б" тасмасы, режиссеру Бакыт Осмонканов. Комедия

Аталган тасма көрүүчүлөргө беш ай бою сунушталган. Фильмдин сюжетинде банкрот болуунун алдында турган эки ишкер тууралуу баяндалып, алар ишкерлигин улантуу максатында жасалма үй-бүлө курушат. Тасмада достук, үй-бүлөлүк баалуулук негизги идея катары берилген.

3. "Мегатой" тасмасы, режиссеру Сүйүн Откеев. Комедия

Толук метраждуу бул тасма жай айы бою төрт айдан ашык көрөрмандардын назарына сунушталган. Сюжетте режиссердун тааныштарынын чыныгы жашоодо болгон ар түрдүү кырдаалдары тууралуу баяндалат.

4. "Шаардык келин Шарапат" тасмасы, режиссеру Ырыс Жоомартова. Комедия

Аталган тасма кинотеатрларга ноябрь айында коюлуп азыркы учурга чейин көрсөтүлүп жатат. Фильмде шаардык Шарлотта аттуу кыздын айылга келин болушу, ар кандай күлкүлүү окуялар чагылдырылган.

5. "Движение кылыш керек" тасмасы, режиссеру Аскат Табалдиев. Комедия

Кинотеатрларда эки айдан ашыгыраак көрсөтүлгөн. Тасмада жашоосуна нааразы болгон, бирок аны өзгөртүүгө эч кандай аракет көрбөгөн адам тууралуу баяндалат.

6. "Атанын керээзи" тасмасы, режиссерлору Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу

Эл аралык кинофестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды алып келе жаткан тасма кинотеатрларда эки айдан ашыгыраак убакыт көрсөтүлгөн. Тасманын негизги сюжети Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

7. "Үркүн" тасмасы, режиссеру Медин Учкеев

Бул тасма көрүүчүлөргө эки айга чейин сунушталган. Тасмада 1916-жылдагы Үркүн окуясын чагылдырылат.

8. "Сагын" тасмасы, режиссеру Данияр Абдыкеримов. Драма

Кинотеатрларда бир ай турган. Тасмада Сагын аттуу жигиттин окуясы баяндалат.

9. "Сюрприз" тасмасы, режиссеру Нурлан Мамакеев. Комедия

Бул тасма да кинотеатрларда бир айга чейин турган. Тасманын сюжетинде Ош шаарынан Караколго бара жаткан эки адам жана алардын жолдогу окуясы чагылдырылган.

10. "Бир мешок акча" тасмасы, режиссеру Кубанычбек Курманбеков. Комедия

Аталган тасма да кинотеатрларда аз убакыт гана коюлган. Анын сюжетинде кафеде ашпозчу болуп иштеген балдар бир мешок акча таап алышат. Сюжет ошол бир мешок акчанын айланасында уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0