БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар Ысык-Көл облусунун райондорунда өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февралда Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери "Тилектештик автобусу" аталышында иш-чаранын алкагында Ысык-Көл районунун жергиликтүү аткаруу органдарына жана юридикалык тараптарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүштү. Андан сыркары, жергиликтүү тургундарга жарандык, үй-бүлө, эмгек жана жер укуктары боюнча юридикалык кеп-кеӊештерди беришкен.
Калктын укуктук сабатуулугун жогорулатууга багыталган мындай иш-чаралар облустун баардык райондорунда өткөрүлдү. Эми Балыкчы жана Каракол шаарларында уюштурулат.