Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында карнавалга даярдык жүрүп жаткан мезгилде Түндүк Калифорнияда эң чоң платинанын жарылып кетишинен кооптонгон бийлик 200 миң адамды авакуациялоого аргасыз болду.
Кыргызстандын Токтогул районунда хорсбол боюнча регионалдык биринчилик, ал эми АКШда иттердин эң кадыр-барктуу көргөзмөсү өттү.
Лондон шаарында Bambi аттуу сүрөтчү Американын президенти Дональд Трамп менен Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин бийлеп жаткан сүрөтүн дубалга тартты.

Лондон шаарында Американын президенти Дональд Трамп менен Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин бийлеп жаткан сүрөт пайда болду

АКШнын Түндүк Калифорния аймагындагы Оровилл көлүндөгү дамбанын жырылып кетүү коркунучунан улам 200 миңдей киши көчүрүлгөн. Нөшөрлөп жааган жамгырдан дамбанын дубалдары бузула баштаган

Токтогул районунда хорсбол боюнча регионалдык биринчилик өттү

Индонезияда болгон катуу жаандын айынан сел жүрүп, 13 адам каза тапты

Корей Элдик Демократиялык Республикасы "Пуккыксон-2" деп аталган баллистикалык ракетасын сынады

Франциядагы аскердик окуу учурунда дронду кармаган бүркүт

Америкада эң кадыр-барктуу болуп эсептеген Westminster Kennel Club иттер көргөзмөсүнө үч миңдей ит катышты

Нью-Йорктогу мода жумалыгында подиумага чыгууга даярданып жаткан моделдер

Кезектеги Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземинде ырчы Леди Гага Metallica рокерлери менен "Moth Into Flame" ырын аткарды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү карнавалга даярдык

Accenture эл аралык компаниясынын Коста-Рикадагы өкүлчүлүгү өз кызматкерлерине жумушка итин ала келүүгө уруксат берди

КР президенти Алмазбек Атамбаев Мюнхенге болгон иш сапарында Германия канцлери Ангела Меркелге "Курманжан Датка" орденин тапшырды

Москва шаарында өткөн Lingerie Show-Forum 2017 эл аралык көргөзмөсүндөгү моделдер

Венеция карнавалы жыл сайын кыштын акыркы айында өтөт

Таиландда Макха Буча майрамы учурунда Буддага сыйынган адам

Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында Украина президенти Петр Порошенко менен АКШ сенатору Жон Маккейн

Индияда шайлоодо добуш берүүгө кезек күтүү

Латвиялык спортчу Рикс Лозитисв Пхенчхандагы чана спорту боюнча дүйнө кубогунда

Индияда өткөн Aero India 2017 көргөзмөсүндө Скандинавиянын Sky Cats учкучтар тобу

Мариин театрынын балет бийчилери Виктория Терешкина менен Александр Сергеев "Парк" балетинин үзүндүсүн көрсөтүп жатат

Мардиддеги мода жумалыгында испан модельери Агата Руис де ла Праданын "күз-кыш 2017" коллекциясы

Флоридада Ыйык Валентин күнүнө карата өткөн "Өбүшүү" флешмобуна 250 түгөй катышты

Францияда өткөн лимон фестивалында цитрус жемиштерине оронгон Лайза Миннели
