БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн мерт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кыматы билдирди.
Эске салсак, дем алыш күнү Чоң-Алай менен Кара-Суу райондорунда кар көчкү түшүп бир аял жана эки жаш бала каза болгон.
Мамлекет башчысы өкмөткө табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.