Памела Андерсон Меланья Трампка шуба белек кылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПресс-конференция актрисы Памелы Андерсон
Пресс-конференция актрисы Памелы Андерсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь айында Андерсон АКШнын биринчи айымына Россиядан алып келген жасалма эко-шубаларынын бирин берерин жарыялаган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Американын белгилүү актрисасы жана модель Памела Андерсон АКШнын биринчи айымы Меланья Трампка Россиянын жасалма эко-мехинен даярдалган шуба белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости PETA эл аралык уюмуна таянып кабарлады.

Январь айында Андерсон "биринчи айымга Россиядан алып келген эко-шубаларынын бирин берерин" айткан.

"Мен сиздин тери кийимдерин кийбей турганыңызды угуп абдан кубандым. Биринчи айымдын мындай чечими көпчүлүктүн жүрөгүн жылытат болушу керек", — деп жазган Андерсон белегинин жанындагы катта.

Памела Андерсон жаныбарларды коргоо боюнча активдүү күрөшүп, мода тармагында тери колдонгондорго дайыма каршы чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0