БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы турак үйдө өрт чыгып натыйжада эки адам мерт кеткенин ӨКМден кабарлашты.
Өрт кырсыгы Сары-Жон айылындагы 16 чарчы метрлик үйдөн чыккан. Натыйжада жыгачтан жасалган пол, палас, эмеректер, эки телевизор күйгөн.
Ошондой эле бөлмөнүн ичинен 48 жаштагы эркек менен 60 жаш чамасындагы аялдын сөөгү табылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.