00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Тумарчылар" Америкадан кабар келсе, жамаачы коляска менен жөнөп кетүүгө даяр

Жазылуу
Өткөн айда Американын Нью-Йорк шаарына барып, America's got Talent шоусунун кастингине катышып келген "Тумар" бийчилеринин азыр жүрөктөрү дүкүлдөп турган кез.

"Тумар" шоуга катышар-катышпасы февраль айынын аягында белгилүү болот. Ага чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги бийчилердин жашаган жерине барып, жашоо-шартын көрүп, жүрөк өйүтөн көйгөйлөрүн угуп келди.

Пресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников Тумар в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
America's Got Talent: "Тумар" кастингдин жыйынтыктарын февралда угат
Алдын ала айтып койчу нерсе, "тумарчылар" ЖМКлар аркылуу бирөөгө даттанып, арыздангысы келбей турганын, жөн гана Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдетүүгө далалат кыларын белгилешти.

Жакында эле теле алып баруучу Ассоль Молдокматова бийчилерге жаңы коляска алып берүү демилгесин көтөрүп чыккан. Биз барып көргөнүбүздө чындыгында эле Адина менен Эрдиктин коляскалары эскилиги жетип, көп жеринен "жамаачы" болуп калыптыр. Тилекке каршы, бийчилердин бири Талгат Бишкектин сыртында жашагандыктан, шарты болбой биз менен жолугушууга келе алган жок.

Топтун мүчөсү Эрдик эскилиги жеткен коляскасы улам-улам сынып, кечээ күнү эле ширетүүчүгө барып оңдоттуруп келгенин айтты.

"Коляскам жедеп эскирип, улам бир жеринен сынып жатат. Кечээ унаа оңдоочу жайдагы ширетүүчүгө чаптатып келдим. Алар да кээде жасап берсе, кээде жасабай коюшат", — деди бийчи.

Ал эми Адина каражат чогулса сатып алынчу жаңы коляскалардын артыкчылыгын айтып берди.

"Алайын деп жаткан коляскалардын салмагы жеңил, атайын бийлегенге ыңгайлашкан. Каалагандай кыймылдарды жасаса болот. Ал эми биздин азыркыларыбыз кадимки эле ооруканада оорулууларды ары-бери сүйрөй турган коляскалар. Биз буларды күчкө салып эле бийлеп жатабыз. Бир жолу чет өлкөдө сынак болор күндүн алдында сынып калып, уюштуруучулар өздөрү оңдотуп беришкен", — деди Адина.

Учурда жаңы коляскага каражат топтоо максатында банкта эсеп ачылган. Адинанын айтымында, ага акырындык менен каражат түшө баштады.

Майып жубайлар: ата-энебизге жүк болбой, өз үйүбүз болсо деп кыялданабыз - Sputnik Кыргызстан
Майып жубайлар: ата-энебизге жүк болбой, өз үйүбүз болсо деп кыялданабыз
Жаштары 18ден өтүп калгандыктан "Тумардын" эки жигити мурда тарбияланган "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунан бүтүрүүчү катары чыгарылган. Учурда Талгат Сокулук районунун Күнтуу айылында жашаса, Эрдик Бишкектин кичи райондорунун биринде эжесинин үй-бүлөсү менен анын батиринде жашайт. Адина аталган борборду ушул жылы бүтүрүп чыгат экен. Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бардык шарттар түзүлгөндүгү үчүн Адинага азыр көп көйгөй жарала элек. Ал эми көп кабаттуу, лифти жок үйдө жашаган Эрдикке 4-кабатка чыгып-түшүү үчүн сөзсүз башка адамдын жардамы зарыл болот.

Анткен менен тоскоолдуктарга карабай бийчилердин маанайы жакшы. "America's got Talent шоусунун кастингинен өтүп кетсек" дегенде эки көзү төрт болуп, уюштуруучулардын жообун күн санап күтүп жаткан чактары.

Жаңылыктар түрмөгү
0