Нурдин Султамбаев: Кыргызстандын расмий делегациясы Японияга 17-февралда учат
Кыргызстандын хоккей командасы оюндар башталганга чейин машыгууларын улантмакчы. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Анын айтымында, калган спотчулар менен менен расмий делегация 19-февралга чейин барат.
"Кыргызстандык делегация толугу менен бир жумадан кийин кетет. Бүгүн болсо хоккейчилер сапар тартышты. Калган спортчулар Ысык-Көлдө жана чет өлкөдө машыгууларын улантып жатат", — деди Султамбаев.
Аталган мелдешке 30 мамлекеттен келген спортчулар катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын намысын 33 спортчу коргойт.