БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Шаардын жаңы таштанды жайы айлана-чөйрөнү булгабай турганын эколог Янис Пролс Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда болгон жыйында билдирди.
Шаардык таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерине Бишкек мэриясы атайын техника колдонот. Таштанды жайында жаңы бульдозер жана катуу таштандыларды алып чыгуу үчүн атайын 29 машина иштеп жатат.
"Шаардык таштанды төгүү жайы 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Ал жакты эч ким тыкыр көзөмөлдөгөн эмес. Машиналар келип таштандыны жерге төгүп эле кете беришкен. Жаңы курула турчу таштанды жайы жер алдындагы сууларды булгабай тургандай кылып курулат. Таштандылардын үстү жаан, кар алдында калбашы үчүн атайын пленка менен жабылат. Таштандылардын үстүнө чогулган суулар атайын жерге барып куюлат", — деди эколог.
Жаңы таштанды жайынын аянты 35 гектарды ээлейт. Пролс анын айрым жерлери жаңы полигон ишке киргенге чейин убактылуу иштеп турарын кошумчалады.