БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө төрт күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, көгүлтүр от берүү 6-10-февралга чейин токтотулат.
"Ылдыйкы Ала-Арча районунда, Коллекторный, Кыргыз көчөсү менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, Кичи Чүй каналынын аймагында убактылуу газ берүү өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Ишкана газ берүү оңдоо иштеринен улам токтотуларын белгиледи.